Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 247
Мырза-Аке айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялык материалдарын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан, Мырза-Аке айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо (тактоо) материалдарын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Контурларын тактоо, токтомдорун бирме-бир карап, салыштырып , жалпы аянтын чыгаруу , мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Кимсанов |