Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну №248
Мырза-Аке жана Адыр айылдарына ЕБРР банкы тарабынан ичүүчү суу системаларын реабилитациялоодо айыл өкмөтүнүн башчысына берүүчү макулдук
Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке жана Адыр айылдарынын ичүүчү таза суу жабдуу системаларын реабилитациялоодо Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу проектин кредиттик бөлүгүнө Куршаб , Мырза-Аке , Дөң- Булак айыл өкмөттөр аралык түзүлгөн « Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындоо Агенттиги » ишканасынын таштанды аянтын көзөмөлгө алуу үчүн, таштанды » муниципалдык биргелешкен ишканага кепилдик кылууга жана таза суу проектисинин иш кагаздарын түзүү макулдашууларга Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын кол коюсуна Мырза-Аке айылдык Кеңеши макулдук берет.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Кимсанов |