Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну №250
Мырза-Аке айыл аймагында жайгашкан Мырза-Аке гидроучасткасынын жер аянтын Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүнү сураган өтүнүч каты жөнүндө
«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын аймагында жайгашкан Мырза-Аке гидроучасткасынын жер аянтын Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер аянттын керектүү документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл аркылуу, уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Кимсанов |