Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIV сессиясы

 

2019-жылдын 24 октябры № 251

Бабыр айылынын тургундарынын лоток курууга үлүштүк пайыз үчүн каражат сураган арызы жөнүндө

“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бабыр айылынын тургундарынын лоток курууга үлүштүк пайыз үчүн 110 000 ( жүз он миң) сом акча каражатын сураган арызы канааттандырылсын.

2. Аталган куруу ишин өз мөөнөтүндө сапаттуу аткарылышын ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Кимсанов