Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIV сессиясы

 

2019-жылдын 24 октябры № 252

 Мырза-Аке айылынын тургуну Маметова Баринсанын арызы жөнүндө

 «Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айылынын тургуну Маметова Баринсанын турак-жай багытындагы идентификациялык коду № 5-06-15-1001-2805 турак үйүнүн жанына элге кызмат көрсөтүүчү имарат ( мончо) курууга макулдук берилсин.

2. Мончо курууга керектүү документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл аркылуу, уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А. Кимсанов