Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24 октябры № 253
Мырза-Аке айылынын тургуну Солтонова Өмүркандын арызы жөнүндө
«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну Солтонова Өмүрканга таандык Кирпичный участкасында курулган кичи футбол аянтчасы жол тарапка 5 ( беш) метр кызыл сызыкка кирип кеткендигине байланыштуу 5 ( беш ) метр артка жылдырып берүүнү сураган арызы канааттандырылсын.
2. Кошулуучу жер аянтынын квадрат метрин тактап , документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл аркылуу, уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3 . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Кимсанов |