Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24 октябры №255
Мырза-Аке Тазалык ишканасынын төлөм акысын жогорулатууну сураган арыз жөнүндө
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мырза-Аке Тазалык “ ишканасынын төлөм акысын бир жылына ар бир кожолукка 500 ( беш жүз ) сом өлчөмүндө бекитип берүүнү сураган арыз, ишкананын жумушчуларынын жетише албай жаткандыгын эске алып, канааттандырылсын.
2. Жогорулатылган төлөмдүн эсебинен кошумча жумушчу орундарын түзүп, тазалык ишканасынын ишмердүүлүгүн чечкиндүү оң жолго салуусун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Кимсанов |