Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-сентябры №76
Зергер айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча айылдык кенешинин « Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып, Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кенешинин кезектеги 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин лиценциядан алынуучу салыктын эсебинен 100,0 (жуз миң) сом, транспорт салыктын эсебинен 100,0 (жүз миң) сом жана физикалык жер салыгынын эсебинен 20,0 (жыйырма миң) сом, баардыгы 220,0 (эки жуз жыйырма миң) сом акча каражаты түшкөндүктөн, билим берүү тармагынын 2224 статьясына 140,0 сом жана 2215 статьясына 80,0 (сексен миң) сом баардыгы 220,0 (эки жүз жыйырма миң) сом каржылоого алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | С. Кулушов |