Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-сентябры №78
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы куураган жана илдетке чалдыккан дарактарды санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезектеги 21-сессиясы токойчу К.Караевдин Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы куураган жана илдетке чалдыккан дарактарды санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер айыл аймагынын Кайрат, Топ-Жаёак, Курбу токой участкаларындагы айыл өкмөтүнүн токой фондунун санитардык тазалоодон өтө куураган, куураган жана илдетке чалдыккан дарактарын санитардык тазалоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш,транспорт,энергетика маселелери, боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | С. Кулушов |