Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №104
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылга карата атайын фондон бөлүнүп түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылы кошумча киреше катарында атайын фондон түшкөн акча каражаттарынын келип түшкөндүгү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнө 2019-жылда атайын фонддон түшкөн акча каражатынан Ничке-Сай айылынын каналдарын оңдоо үчүн:
«Кулчу» арыкка – 100,0 (бир жүз миң ) сом
«Курөң каналына – 150,00 (бир жүз элүү миң) сом
«Кызыл-Чарба» каналына – 200,00 (эки жүз миң) сом
«Кичи футбол» аянтчасына – 1 200,0 (бир миллион эки жүз миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |