Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №105
Таза-суу чыгаруу иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын «Таза суу» чыгаруу боюнча марафондо чогутулган элдин акча каражатынан «Кулчу» участкасына «Таза суу» чыгаруу иштерине 50 000 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулчу участкасынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. «Таза суу» чыгаруу боюнча марафондо чогутулган элдин акча каражатынан Ничке-Сай айыл аймагынын «Кулчу» участкасына «Таза суу» чыгаруу иштерине жумшоого 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ничке-Сай айыл аймагынын башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |