Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №106
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылга карата атайын фондон бөлүнүп түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылы кошумча киреше катарында атайын фондон түшкөн акча каражаттарынын келип түшкөндүгү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнө 2019-жылда атайын фонддон түшкөн акча каражатынан Ничке-Сай айыл аймагына ҮДТнун жаңы имаратын куруу үчүн 500,0 (беш жүз) миң акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |