Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июлу №107
Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгашасы боюнча 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгашасы боюнча 2020-жылга долбоору 6 793,1 миң сомго,анын ичинен өздүк киреше 1 343,3 миң.сом, теңдөөчү грант 5 414,1 миң сом, атайын каражаттар 35,7 миң сомго бекитилсин.
2. Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгашасы боюнча 2021-жылга болжолу 6 929,0 миң.сомго, анын ичинен өздүк киреше 1 370,2 миң.сом, теңдөөчү грант 5 522,4 миң.сом, атайын каражаттар 36,4 миң.сомго бекитилсин.
3. Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгашасы боюнча 2022-жылга болжолу 7 067,5 миң.сомго, анын ичинен өздүк киреше 1 397,6 миң.сом, теңдөөчү грант 5 632,8 миң.сом, атайын каражаттар 37,1 миң сомго бекитилсин.
4. Корголгон беренелер (эмгек акы, соц.фондго чегерүүлөр, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, инвестиция,энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүү болжолдуу багытарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл аймагынын өкмөт башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |