Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу №108
Ничке-Сай айыл аймагында жаңы курулуп жаткан ҮДТнун имаратына акча каражатын которуу жөнүндө
Ничке-Сай айыл айылында жаңы курулуп жаткан ҮДТнун имаратынын курулуш иштерине акча каражаттын жетишсиздиги жана Жалал –Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылдарынын атайын эсебинен 2019-жылга карата башка курулуштарга бөлүнгөн акча каражытынан ҮДТнун курулушуна которуп берүү жөнүндө Ничке –Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Асанбектин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинен 2019-жылга Ничке-Сай айыл аймагынын «Самтыр» каналын оңдоого бөлүнгөн 1 млн сомдон 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты жана Чоргочу айылына Таза суу чыгаруу үчүн бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом, жалпы 400,0 (төрт жүз миң) сом акча каражаты Ничке-Сай айылына курулуп жаткан ҮДТнун курулушуна жумшоого которулсун.
2. 2019-жылга Ничке-Сай айыл аймагынын «Самтыр» каналын оңдоого бөлүнгөн 1 млн сомдон 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты жана Чоргочу айылына Таза суу чыгаруу үчүн бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом, жалпы 400,0 (төт жүз миң) сом акча каражаты Ничке-Сай айылына курулуп жаткан ҮДТнун курулушуна жумшоого которуп берүү жагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебин башкаруу боюнча дирекциясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |