Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу №110
Электр энергиясы боюнча төлөм каражаттарынын сапаты жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын электр энергиясынын төлөмдөрүн жыйноо жана эсептешүү боюнча адиси Дүрбөлөңөв Анардин Дүрбөлөңөвичти маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электр энергиясы төлөм каражаттарынын сапаты боюнча 2019-жылдын алты айлык жыйынтыгында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы жалпы айыл тургундары менен тыгыз байланышта иш алып баруу жана электр энергиясынын төлөмдөрүнө болгон карыздарынын төлөмдөрүн кыскартуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү жагы А.Дүрбөлөңөвко тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |