Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу №109
Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбооруна катышуу жөнүндө
«Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет сынагына катышуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет сынагына катышуу үчүн макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |