Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу №112
№18 «Керемет көч» бала бакчасынын иштеринин жүрүшү, сапаты жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынданы №18 «Керемет көч» бала бакчанын иштеринин жүрүшүнүн сапаты жөнүндө тиешелүү туруктуу комиссиянын төрайымы А.Талипованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагындагы бала бакчанын иштеринин жүрүшүнүн сапаты боюнча жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |