Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу №113
Пенсия, пособиенин өз убагында төлөнүп туруусу жана тейлениши жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык почта байланыш бөлүмүнүн пенсия, пособиенин өз убагында төлөнүп туруусу жана тейленини жөнүндө тиешелүү туруктуу комиссиянын төрайымы А.Талипованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айылдык почта байланыш бөлүмүнүн пенсия, бөлүмүнүн өз убагында төлөнүп туруусу жана тейлениши боюнча 2019-жылдын алты айлык жыйынтыгында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы пенсия, пособиенин өз убагында төлөнүп туруусу жана тейлениши боюнча мындан дагы жакшы сапатта иш алып баруу иштерин жүргүзүү жагы почта байланыш бөлүмүнүн кызматкери Б.Тоялиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |