Редакцияот 16.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2019-жылдын 16-июлу №113

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү,инвестиция тартуу,өнөр жай,курулуш,транспорт,энергетика жана байланыш тармактарынын иштери боюнча комиссиянын төрагасы Бекмуратов Санжарбектин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2019-жылдын алты айлык жыйынтыгында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Эрмекбаев