НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2019-жылдын 16-июлу №115
Жайыт комитетинин аткарылган иштери жөнүндө
Жайыт комитетинин 2019-жылдын алты айлык жыйынтыгы менен аткарылган иштери жөнүндө Жайыт комитетинин төрагасы Эркинбек уулу Уландын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2019-жылдын алты айлык жыйынтыгында аткарган иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |