Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу №116
Шайыр апалар тобуна акча каражытын бөлүп берүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын Аялдар Кеңешинин төрайымы Уезбаева Бүбүсайранын кайрылуусу Ничке-Сай айыл аймагындагы «Тууганбай ата кыздары» шайыр апалар тобуна Республикалык денгээлдеги «Шайыр апалар» сынагына катышуу үчүн уюштуруу маселелерине керектөөгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө карап жана талкуулап чыгып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагындагы «Тууганбай ата кыздары» шайыр апалар тобуна Республикалык денгээлдеги «Шайыр апалар» сынагына катышуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 10 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |