Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №117
Ничке-Сай айыл аймагындагы муниципиалдык токойлорду калыбына келтирүү долбоорунун алкагында муниципиалдык токойлорду башкаруу планын жана инвестициялык долбоордун сунуштамасн жөнүндө
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагындагы муниципиалдык токойлорду калыбына келтирүү максатында башкаруу планынын жана муниципиалдык долбоордун сунуштамасынын шайкеш келүүсү жактырылсын.
2. Муниципиалдык токойлорду башкаруу планынын негизинде которулуп берилүүчү 5 пайыздык акча каражатын табуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке милдеттендирилсин.
3. Алгачкы инвестициялык долбоордун сунуш тамасына баа берүү долбоордун талаптарына ылайык катышкан депутаттардын аныктоосу менен жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |