Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №118
Таза-суу чыгаруу иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын «Таза суу чыгаруу боюнча марафондо чогултулган элдик акча каражатынан Чоргочу айылына «Таза суу» чыгаруу иштерине 50 000 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Чоргочу айылынын жашоочуларынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таза суу» чыгаруу боюнча марафондо чогутулган элдин акча каражатынан Ничке-Сай айыл аймагынын Чоргочу айылына «Таза суу» чыгаруу иштерине 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |