Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №119
2018-жылдын 13-июлундагы №66 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясындагы 2018-жылдын 13-июлундагы №66 ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1466,4 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү токтомун жокко чыгаруу жөнүндө айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясындагы 2018-жылдын 13-июлундагы №66 ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1466,4 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү токтому жокко чыгарылсын.
2. Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясындагы 2018-жылдын 13-июлундагы №66 ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1466,4 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү токтому 2019-жылдын 28-октябрынан баштап күчүн жоготкондугу жөнүндө ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |