Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №120
Атайын фонддон бөлүнгөн акча каражатына өзгөртүлөрдүү киргизүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл айылында жаңы курулуп жаткан ҮДТнун имаратынын курулуш иштерине акча каражаттын жетишсиздиги жана айыл аймагына «Таза суу» чыгарууга Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечуу айылдарынын атайын эсебинен 2019-жылга карата башка курулуштарга бөлүнгөн акча каражатынан ҮДТнун курулушуна жана айыл аймагына «Таза суу» чыгаруу иштерине которуп берүү жөнүндө Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Асанбектин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечуу айылынын атайын эсебинен 2019-жылга Ничке-Сай айыл аймагынын «Самтыр» каналын оңдоого бөлүнгөн 800,0 миң сомдон 600,0 (алты жүз) миң сом акча каражаты айыл аймагына «Таза суу» чыгаруу үчүн, 200,0 (эки жүз) миң сом акча каражаты Ничке-Сай айылына курулуп жаткан ҮДТнун курулушуна жумшоого которулсун.
2. 2019-жылга Ничке-Сай айыл аймагынын «Самтыр» каналын оңдоого бөлүнгөн 800,0 (сегиз жүз) миң сом акча каражаты жана айыл амагына Таза суу чыгаруу үчүн бөлүнгөн 600,0 (алты жүз) миң сом, 200,0 (эки жүз) миң сом Ничке-Сай айылына курулуп жаткан ҮДТнун курулушуна жумшоого которуп берүү жагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечуу айылынын атайын эсебин башкаруу боюнча дирекциясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |