Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №122
Айылдык аймактагы калктын, мекемелердин кышка карата даярдыгы жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагындагы калктын, мекемелердин кышка карата даярдыгы боюнча тиешелүү туруктуу комиссиянын төрайымы Талипова Аяткандын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагындагы калктын, мекелердин кышка карата даярдыгы боюнча жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |