Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №124
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 9-ай ичинде аткарылышы боюнча ФЭБнүн башчысы Л.Жунусованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 9-ай ичинде аткарылышы канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |