Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №125
Комиссия курамын түзүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын Чоргочу айылындагы №40 Акылбек Шабданов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин сапатын жеринде көзөмөлдөө боюнча комиссия курамын түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Чоргочу айылындагы №40 Акылбек Шабданов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин сапатын жеринде көзөмөлдөө максатында төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
Смадияров Тенгебай – айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы
Осмоналиев Кеңешьек – айылдык Кеңешинин депутаты, мүчөсү
Өскөнбаев Кубанычбек - №40 А.Шабданов мектебинин директору, мүчөсү
Үкүев Таалай – айыл тургуну, мүчөсү
Текечеров Дардайыл – айыл тургуну, мүчөсү
Кушубаков Макен – айыл тургуну, мүчөсү
Абдиев Кайрат – айыл тургуну, мүчөсү
2. Түзүлгөн комиссия №40 А.Шабданов орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштерине жеринде көзөмөлдөө жүргүзүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |