Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №126
Айылдык Кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айылдык Кеңештин регламентин бекитүү Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айылдык Кеңешинин сунушталган иш алып баруу боюнча түзүлгөн регламенти бекитилсин.
2. Иш алып баруу боюнча түзүлгөн регламентин аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Эрмекбаев |