Редакцияот 18.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2019-жылдын 18-ноябры №127

Ничке-Сай айылдык Кеңешке күбөлүк алуу жөнүндө

Ничке-Сай айылдык Кеңешин Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүү жана кубөлүк алуу боюнча Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эрмекбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

Токтом кылат:

1. Ничке-Сай айылдык Кеңеши Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлсүн жана күбөлүгү алынсын.

2. Ничке-Сай айылдык Кеңешинин күбөлүгүн алууга кеткен чыгымдар үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 5 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Эрмекбаев