Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 12-ноябры №20/6
Эмгек ардагери, Кербен шаардык Кеӊешинин бир нече жолку депутаты Таштанов Шүкүр Жумановичтин ысмын № 52 Мамай негизги билим берүүмектебине ыйгаруу жөнүндө
Аксы райондук билим бөлүмүнүн 22.10.2019-жылдагы № 01-16/764 кайрылуусун жана Кербен шаарынын мэринин 17.10.2019-жылдагы № 3-34/637, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 22.10.2019-жылдагы № 41 токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүүчү мектебине эмгек ардагери Таштанов Шүкүр Жумановичтин ысмы берилсин жана ал “Таштанов Шүкүр Жуманович атындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүү мектеби”, деп аталсын.
2. Таштанов Шүкүр Жуманович атындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүүчү мектебинин мөөрүн жана аталышын кайрадан жасатып жаздыруу иштери аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | Н. Шадыбеков |