Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 15-ноябры №133
Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2019-жылдын 9 айында инвестиция тартуу жана инвесторлор менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2019-жылда тартылган инвестиция жана инвесторлор боюнча иш алып барууда жүргүзгөн иштери боюнча Үч-Терек айылдык кеңешинин соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 24-октябрындагы отурумунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 9-айында инвестиция тартуу жана инвесторлор менен иштөөдө алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. 2019-жыл ичинде аткарыла турган долбоорлорду ишке ашыруу жана сырттан инвестиция тартуу, инвесторлор менен биргеликте активдүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |