Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 15-ноябры №134
Үч-Терек айыл аймагындагы бала бакчалардын,мектептердин, айылдык китепканалардын, жана маданият үйлөрүнүн башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылындагы бала бакчалардын, мектептердин, айылдык китепканалардын, маданият үйлөрүнүн башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө берген маалыматтарынын негизинде социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 24-октябрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бала бакчалардын, мектептердин, айылдык китепканалардын, маданият үйүнүн, айылдык клубдардын башчылары бир катар иштерди жүргүзүшкөндүгү белгиленсин.
2.Бала бакчалардын, мектептердин, айылдык китепканалардын, маданият үйүнүн жана айылдык клубдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды өз убагында чечип берип туруу жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |