Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 15-ноябры №135
Ветеринардык адистин 2019-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген айылдарында малдарды жана ит мышыктарды жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча калкты тейлөөдө ветеринардык адистин 2019-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы отурумунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 9 айында ветеринардык адис К.Жумабековдун малдардын жана ит мышыктардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча пландалган иштердин өз убагында аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Депутаттар тарабынан айтылган сын пикирлерди эске алып айтылган сын пикирлер боюнча иш алып баруу жана малдарга, ит мышыктарга вакцинация жасоону өз убагында бүткөрүү жагы ветеринардык адис К.Жумабековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |