Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 15-ноябры №136
№ 29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин багына “Эмгек тактайчасын” орнотуп түбөлүк ысымын ыйгаруу боюнча “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген” биолог мугалими Үсөнова Күлүйпанын өтүнүчүн канаттандыруу жөнүндө
№ 29 М.Нургазиев атындагы орто мектептин багына “Эмгек тактайчасын” орнотуп ысымын ыйгаруу боюнча “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген” биолог мугалими Үсөнова Күлүйпанын өтүнүчүн кароо боюнча 2019-жылдын 24-октябрындагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIХ–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№ 29 М.Нургазиев атындагы орто мектептин багына,“Эмгек тактайчасын”орнотуп “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген” биолог мугалими Үсөнова Күлүйпа Бөлөкбаевнанын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.“Эмгек тактайчасын” даярдап орнотуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |