Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №138
2019-жылдын IV кварталы үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө 716300 (жети жүз он алты миң үч жүз) сом план коюп берүү жөнүндө.
Үч-Терек айылдык кеңештин экономика, бюджет финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2019-жылдын ноябрь, декабрь айлары үчүн электр энергиясына жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн 2231 статьясына Аппаратка 15,0 миң сом, Орто мектептерге 350,0 миң сом, Башталгыч мектептерге 80,0 миң сом,Бала бакчаларга 80,0 миң сом Жалпы: 525,0 (беш жүз жыйырма беш миң) сом бекитилип берилсин.
2.Жеңилдиктерге 2721 статьясына 65,0миң (алтымыш беш миң)сом ,Б. Салаев атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоп-түзөө иштерине курулуш материалдарын сатып алууга 2222 статьясына 30,0миң (отуз миң) сом,Такталык айылынан Үч-Терек айылына чейинки аралыктагы жолду оңдоо иштерине Аппарат 2215 статьясына 20,0миң (жыйырма миң) сом, Субсидияга Аппарат 2511 статьясына 76,3миң (жетимиш алты миң үч жүз) сом жалпы: 191,3 миң (жүз токсон бир миң үч жүз) сом акча каражаты бекитилсин.
3.Каралган акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылып берүү жана жумшоо жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Уч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевке милдеттендирилсин.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |