Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №139
Бишкек шаарындагы Академик М. М. Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда эмгектенген Жумашев Болотбек Жумашевичге Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу»наамын берүү жөнүндө
Жумашев Болотбек Жумашевич 29-декабрь 1951-жылы Ош облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган.
1968-1970-жылдары Фрунзедеги медучилищаны аяктагандан кийин 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1972-1978-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн.
1978-жыл окууну аяктагандан бери азыркы күнгө чейин Академик М. М. Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда эмгектенип келе жатат.
Жумашев Болотбек Жумашевич хирургия боюнча жогорку квалификациялуу врач хирург, ич көңдөйүнүн органдарына жасалуучу операциянын бардык хирургиялык техникаларына ээ. 41 жыл хирург болуп кызмат өтөп сан жеткис ооруларга операция жасаган.
Көп жылдык натыйжалуу иштери жана жогорку адистиги үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо кызматкерлеринин борбордук комитети тарабынан бир нече жолу «Ардак грамоталар» менен сыйланган.
Ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү, ак ниеттүү эмгеги жана хирургия бөлүмүндөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлиги тарабынан ардак грамоталарга жана төш белгиге ээ болгон.
Саргата айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 12-июлундагы протоколунун негизинде Жумашев Болотбек Жумашевичке Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча айылдык кеңештин кезектеги ХХIХ –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарындагы Академик М. М. Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунун врачы, эмгек ардагери Жумашев Болотбек Жумашевичге жогорудагы эмгегин баалап Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын .
2.Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына ылайык төш белгини жана күбөлүктү даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Н. Молдомусаевге милдеттендирилсин. .
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |