Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №140
2020-жылга эл жана турак жай каттоого жана «Түндүк сервер» программасын алып баруу үчүн айыл өкмөткө компютер принтери менен алууга 3111 статьясына 100,0 миң (жүз миң) сом карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 690 токтомунун 19 пунктуна ылайык эл жана турак жай каттоого карата жана «Түндүк сервер» программасын киргизүү боюнча компьюьтер принтери менен алуу үчүн айыл өкмөттүн иш кагаздарын жүргүзүүчү Зухра Кигарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 690 токтомунун 19 пунтуна ылайык 2020-жылга эл жана турак жай каттоого жана «Түндүк сервер» программасын алып барууга айыл өкмөткө компьютер принтери менен алууга 3111 статьясына 100,0 миң (жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Каралган акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылып берүү жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Уч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |