Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №141
Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек, Саргата Кызыл-Ураан айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан «Үч-Терек»подпроектисин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХХIХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу менен Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн макулдашуу жактырылып бекитилсин.
2.Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү тийиштүү жумуштарды алып барсын.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терк айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |