Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-ноябры. №172/34-7
Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы,муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы, шаарды социалдык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2019-жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндө маалыматы
Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы, социалдык жактан коргоо программаларынын 2019-жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматын жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы, социалдык жактан коргоо программаларынын 2019-жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматын жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж. №153/27-7 “Кара-Көл шаарынын 2019-жылга шаардык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун Кара-Көл шаардык мэриянын 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы, же “Өнүгүү бюджетинин” иш планынын реестринде каралган иш-чараларды 2019-жылдын аягына чейин толук кандуу аткаруу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев) милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж. №153/27-7 санду токтому менен бюджеттин киреше бөлүгү 97 574,3миң сом өлчөмүндө бекитилген. Шаардык бюджеттин киреше бөлүгү 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 3 708,0миң сомго аз аткарылгандыгы белгиленсин жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин бекитилген планды аткаруу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Муратов Т.Т.) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов), өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
|