Редакцияот 06.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-апрели № 17

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2019-2023-жылдарга пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомунун 9,10,11 беренелерине ылайык Боз-Учук айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2019-2023-жылдарга пайдалануунун Келечек планы бекитилсин.

2. Боз-Учук айыл аймагында жерлерди ижарага берүүдө келечек планды жетекчиликке алуусу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Узакпаев