Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-ноябры №173/34-7
Кара-Көл шаарынын 2019-2020-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэринин у.м.а. Э.Э.Бабакановдун маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXХIV сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №210 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 12-июнундагы №60 сандуу токтомун турмушка ашыруу, шаардын калкын жана экономика тармактарын 2019-2020-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана аталган мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында 2019-жылдын 14-июнунда шаардык мэриянын №255-б сандуу буйругу чыгарылып, шаардык штабдын курамы түзүлүп, шаардын калкын жана экономика тармактарын 2019-2020-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоонун иш-чарасы бекитилген жана тиешелүү мекеме-ишканаларга аткаруу үчүн жеткирилген.
Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу үчүн төрт (“ЦТК”, А.К.Тавашаров, 7-аянтчадагы “ДСР”, “Бекташ”) электр откана иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу Р-42мВт жана жылуулук берүүчү түтүкчөсүнүн узундугу 46,2 чакырымды түзөт жана жылдык пландын негизинде график боюнча бардык электр отказандарга капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
“ЦТС” электр отказандары -100%, “Бекташ” электр отказандары-100%, “ДСР”электр отказандар-100%, “Тавашаров” электр отказандары-100% га даяр, капиталдык оңдоодон толук кандуу өткөрүлгөн.
Жылуулук түйүндөр участкасы боюнча шаар ичинде жылуулук түтүкчөлөрүн алмаштыруу иштери боюнча подряддык ыкма менен Ленин к. №2а үйүнөн Ленин к.№5а үйүнө чейин О 76мм-320п/м, Серый к.№12 үйүнөн Серый к.№13 үйүнө чейин О 76мм-320п/м, жалпы 516 п/м алмаштырылган. Ал эми чарбалык ыкма менен М.Сабиров к. №117 үйүнөн Сабиров к.№23 үйүнө чейин О 273мм-700п/м, Акынай к.№104 үйүнөн ВЗКке чейин О 108мм-340п/м, Серый к.№5 үйүнөн “Келечек” балдар бакчасына чейин О 108мм-134 п/м, Чаргынов көчөсүнөн “Баластан” балдар бакчасына чейин О 76мм-104п/м, М.Сабиров к.№111 үйүнөн шаардык ооруканага чейин О 108мм-109п/м, Акынай к. №71 үйүнөн Мамытов к. №1 үйүнө чейин О 76мм-366 п/м алмаштырылган.
Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинин “Келечек”, “Баластан” балдар бакчаларынын жылуулук тутумдарынын түтүкчөлөрүн, батареяларын тазалатуу, Т.Темиров атындагы №6 мектебинин автоматтарын алмаштыруу, Мамытов атындагы №7 башталгыч мектептин электр зымдарын талапка ылайык монтаждоо, “Бабакан” №8 башталгыч мектептин трансформаторун толук королоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бирок Ч.Түлөбердиев атындагы № 2 орто мектебин жана борборлоштурулган китепкананы борбордук жылытуу түйүнүнө кошуу иштери ушул мезгилге чейин бүткөрүлгөн жок.
Жылуулук энергиясына болгон дебитордук карыздар жалпы 3 687189,26 сом, анын ичинен мекеме-ишканалардын карызы- 58969,73 сом, калктын карызы-3 628219,53сом.
Шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү, Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө айылдык башкармалыктары тарабынан көмүргө муктаж аз камсыз болгон майыптардын, пенсионерлердин, жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдүн, баатыр энелердин, ардагерлердин тизмеси такталып, шаардык бюджеттен 250 000 сом акча каражаты бөлүнүп, 200 жаранга 1250 сомдон жеке эсептерине которулган.
ШММБгы тарабынан шаардын ички жолдоруна себүүгө кум жана туз сатып алууга каралган 200,0 миң сом каражатка сатып алуу иштери уюштурулууда.
№30 Жол тейлөө мекемеси тарабынан күз-кышка даярдык көрүү, кыш мезгилинде жол кырсыгын алдын алуу, Бишкек-Ош автожолундагы таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, ашууларды тейлөө иштерин аткаруу үчүн техникаларды толугу менен даярдоо иштери план боюнча жүргүзүлгөн. 1000 тн туз аралашмасын жана 12 тн көмүр алуу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө 800тн туз аралашмасы жана 12 тн көмүр даярдалган.
Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасы тарабынан калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бир топ иштер пландалган. Анын ичинен 6-10кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдоо боюнча план 92% аткарылган. Калган пландар100% ашыкча аткарылган.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын 2019-2020-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэринин у.м.а. Э.Э.Бабакановдун маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык мэриясы Токтогул ГЭСтер каскады менен биргеликте Ч.Түлөбердиев атындагы № 2 орто мектебин жана борборлоштурулган китепкананы борбордук жылытуу түйүнүнө кошуу иштерин тез аранын ичинде жүргүзсүн.
3. Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасына Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо, Кара-Көл шаарынын калкын электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасын жер казуучу техника менен камсыз кылуу боюнча “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомуна мэрия менен шаардык кеңеш тарабынан кат жолдонсун.
5. Токтогул ГЭCтери каскады шаарды жылуулук менен камсыз кылуучу отказандарды заманбап отказандарга алмаштыруу боюнча иш алып барсын.
6. №30 Жол тейлөө мекемесин кар тазалоочу жаңы техника менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине мэрия менен шаардык кеңеш тарабынан кат жолдонсун.
7. Токтогул ГЭСтери каскады жана №30 Жол тейлөө мекемеси 2019-2020-жылдагы күз-кыш мезгилинде шаардын ички автожолундагы карларды, жолдордогу муздарды, таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткарууда муниципалдык менчик башкармалыгына транспорт жагынан көмөк көрсөтүшсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
|