Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-ноябры №177/34-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин “Энергетик” фракциясынын лидери Эстебес уулу Тилектин “НГЭК” ААКму ишканасынын пенсия жашындагы жумушчуларынын пенсияга чыгуу укугу жана шаар ишкерлеринин социалдык фондго болгон төлөмдөрү жана алимент төлөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча сунушу жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин “Энергетик” фракциясынын лидери Эстебес уулу Тилектин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин “Энергетик” фракциясынын лидери Эстебес уулу Тилектин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. “НГЭК” жана “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ААКнун Токтогул ГЭСинин реконструкциясына жана Камбар-Ата 2 ГЭСинин курулуш-монтаждоо иштерине катышууга көмөк көрсөтүү максатында “Электр станциялар” ААКна шаардык кеңеш тарабынан кат жолдонсун.
3. “НГЭК” жана “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ААКнун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке шаардык кеңеш тарабынан кат жолдонсун жана маселелерди чечүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынан делегация барып келсин.
4. Кара-Көл шаарынын жеке ишкерлеринин социалдык фондго болгон төлөмдөрүн жана алимент төлөөчүлөрдүн төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
|