Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-ноябры №178/34-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-жылдагы № 43/9-7 токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-жылдагы № 43/9-7 токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- тиркеменин 4- абзацындагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш , курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери ,
инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы “ Бабаканов Эркиналы - туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары “ деген сөздөр “ Молдомусаев Насыпбек Кубанычбекович - мүчө” деген сөздөр менен алмаштырылсын ;
- тиркеменин 3-абзацындагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамындагы “Молдомусаев Насыпбек Кубанычбекович- мүчө” деген сөздөр
“Култаев Бакыт Токтомушевич – мүчө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тиркеменин 4- абзацындагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы “Макушев Майрамбек Жумашевич – мүчө” деген сөздөр “ Макушев Майрамбек Жумашевич – туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
|