Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-октябры №1
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда беренелерден үнөмдөлгөн акча каражатын зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде бөлүмдөрдөн жана беренелерден үнөмдөлгөн акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүчн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Р.Батировдун билдирүүлөрүн угуп,талкуулап жергиликтүү бюджеттин бектилген сметасына өзгөртүү киргизүү Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык порталга жарыяга берилип үнөмдөлгөн каражаттары : Башкаруу бөлүмүнөн «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренесинен 318,6 миң сом,турак жай коммуналдык чарбасы бөлүмүнөн «Мүлктү учурдагы оңдоо чыгымдары» беренесинен 79,0миң сом МЧББУ бөлүмүнөн «Тамак-аш азыктарын алуу» беренесинен 62,6 миң сом , «Ташкөмүр сатып алуу» беренесинен 12,5 миң сом,Орто мектептер бөлүмүнүн «Ташкөмүр сатып алуу» беренесинен 125,0 миң сом.Жалпы 597,7 миң сомго азайтылсын.
2. Аппарат бөлүмүнө иш сапар чыгымдарына 20,0 миң сом,башка кызмат көрсөтүү чыгымына 70,0 миң сом ( аты коюлбаган көчөлөргө ат койуу үчүн),мүлктү учурда оңдоо чыгымына 145,0 миң сом.МЧББУУ бөлүмүнө бир тайпа ижарада турган ижара акысын сметада каралбай калгандыгына байланыштуу 69,0 миң сом,жаңы бала бакча ачылгандыгына жана кошумча жаңы тайпа үчүн ,Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу комплексиндеги бала бакчага тамак аш азыктарын алуу беренесине 253,7 миң сом,жаңы уюшулган бала бакчанын электр энеригясына төлөм беренесине 20,0 миң сом.Калкка социалдык жардам берүү беренесине 20,0 миң сом.Жалпы 597,7 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго жана ФЭБ башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.
4. Токтомду юстициядан каттоодон өткөрүү жагы катчы Ы.Алимбековага милдеттендирилсин.
5. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү КР Финасы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А. Саражиев |
|