Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-октябры №2
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде Бирдиктүү салыктын эсептөөлөрдүн негизинде 35,0 м.с ,айыл чарба багытындагы салыктан 100,0 м.сомду,айыл чарба эмес багытындагы салыктан 19,0 м.сомду,сатуудан түшкөн салыктан 100,0 м.сомду,лицензиядан 30,0 м.сомду жана таштанды чыгаруудан 17,0 м. сомду жалпы 301,0 м. сом акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Р.Батировдун билдирүүлөрүн угуп,талкуулап жергиликтүү бюджеттин бектилген сметасына өзгөртүү киргизүү Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше планына Бирдиктүү салыктын эсептөөлөрдүн негизинде 35,0 м.с ,айыл чарба багытындагы салыктан 100,0 м.сомду,айыл чарба эмес багытындагы салыктан 19,0 м.сомду,сатуудан түшкөн салыктан 100,0 м.сомду,лицензиядан 30,0 м.сомду жана таштанды чыгаруудан 17,0 м. сомду жалпы 301,0 м. сомго көбөйтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө Күн Нуру бала бакчасынын ижара акысына 51,0 м. сом,Учкун балдар бакчасынын учурдагы оңдоого 250,0 м.с жалпысы 301,0 м. сом акча каражаты көбөйтүлсүн.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго жана ФЭБ башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.
4. Токтомду юстициядан каттоодон өткөрүү жагы катчы Ы.Алимбековага милдеттендирилсин.
5. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү КР Финасы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А. Саражиев |
|