Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-октябры №10
Бала бакчага жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кедей-Арык айылындагы Т.Тайгараев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жана «Багыш» коомуна 2004-жылы алынган аянттарынан, бала бакча куруу үчүн 0,40 га жер ажыратып берүү максатында Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кедей-Арык айылындагы Т.Тайгараев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аянтынан бала бакча куруу үчүн 0,40 га жер жер ажыратылып берилсин.
2. «Багыш» коомуна 2004-жылы алынган 0,40 га жер аянтына бала бакча куруу үчүн руксат берилсин.
3. Бала бакча куруу үчүн суралган жерлерин мыйзам чегинде карап,бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы | А. Саражиев |
|