Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры.№2
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти 2019- жылга карата бекитүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджеттик каражаттан калдык болуп калган акча каражатынын 2019-жылга карата каржыланышы сарпталышы жөнүндө, 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин контролдук цифрасын жана тендоочу гранттын сунушталган көлөмүн бекитип берүү жөнүндө ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. 2018-жылдагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
3. 2018-жылдан 2019-жылга өткөн 744.9 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
Раздел аппарат 70111 сапар чыгымдары статья 221140,0 мин сом
Конц.товаралуу статья 222230,0 мин сом
Кара-Суу ФАП каалга,печка статья 222231,0 мин сом
Жалпы статья 222261,0 мин сом
Компьютер ондоокалдык статья 22214,0 мин сом
электрэнергия статья 223110,0 мин сом
Кара-Суу ФАП ажаткана,тазасуу түтүгү статья 3111315,9 мин сом
Бала-чычкан а.тех усл.спорт зал статья 22158,9 мин сом
Кара-Суу айылы столба орнотуу статья 221519,7 мин сом
Кара-Тектир а. Нуман көчөсүн оңдоо статья 22154,0 мин сом
Жалпы статья 221532,6 мин сом
Раздел соц.обеспечение 71092 мат.жардам статья 272130,0 мин сом
Раздел орто мектеп 70921 эл. энергия статья 2231100,0 мин сом
Раздел бала бакча 70911 эл. энергия статья 223140,0 мин сом
Раздел жайыт комитети 70429 ар кандай чыгымдар статья 2215144,4 мин сом
Жалпы 777,9 мин сом
4. Атайын каражат бөлүнгөн 2018 жылдан 2019 жылга өткөн:
Раздел бала бакча 70911 статья 2218 9,0 мин сом
Раздел аппарат 70111 статья 2215 0,1 мин сом
5. 2019- жылга киреше жана чыгаша булактарынын жалпы суммасы 18239,0 мин сомго бекитилсин.
Анын ичинен:
а) тендештирүүчү трансферттер 5959,3 мин сом
б) жергиликтүү бюджет 10879,7 мин сом
в)атайын каражаттар 1400,0 мин сом болуп бекитилсин.
6. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2019-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1 % чейинки өлчөмүндө бекитилсин жана жыл ичинде бюджетте өзгөрүү болсо резервдик фонддун суммасы дагы өзгөрүүлөрдү белгиленсин.
7. Жаны-Жол айылдык Кенешинин торагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5- пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы N° 04/244-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн штаттык курамы КР нын өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403 токтомуна ылайык тарификациянын негизинде бекитилсин.
8. Кенештин туруктуу комиссиясынын чыгымдары, аппараттын чыгымдары менен бирге төлөнүүсү белгиленсин.
9. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсү болсо, Айылдык Кенешке маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
11. Бул токтом www.Janyjol.comсайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |