Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели № 18
Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жергиликтүү калкка жеткиликтүү кызмат кылуу максатында, Ново-Вознесеновка айылындагы мурдагы участкалык оорукананын кароосуз калган имараттарын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча Боз-Учук айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Вознесеновка айылындагы мурдагы участкалык оорукананын кароосуз калган имараттарын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Аталган участкалык оорукананын имараттарын заманбап кылып оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө каржылоо донор уюмдары жана жергиликтүү бюджет тарабынан каражат каралсын.
3. Ново-Вознесеновка айылындагы мурдагы участкалык оорукананын кароосуз калган имараттарын өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык планын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн аппараты иштеп чыксын.
4. Ново-Вознесеновка айылындагы мурдагы участкалык оорукананын кароосуз калган имараттарын Ново-Вознесеновка айылынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу иштерин жүргүзүү Боз-Учук айыл өкмөтүнүн аппаратына тапшырылсын.
5. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |