Загрузка документа…
ЖАҢЫ ЖОЛ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры.№5
№ 39 кесипчилик техникалык окуу жайына “Тегерек” участкасынан көмөкчү чарба уюштуруп, пайдаланууга берилген 39, 5 га жер аянты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер балансында турган 1991-жылдын 22-ноябрында Эл депутаттарынын Токтогул райондук Советинин № 457 токтому менен № 39 кесипчилик техникалык окуу жайына “Тегерек” участкасынан көмөкчү чарба уюштуруп, пайдаланууга берилген жер аянтын максатсыз пайдалангандыгына жана тиешелүү жер салыктарын төлөбөй келгендигине байланыштуу, берилген 39,5 га жер аянты айыл өкмөттүн жер балансына кайтарып алуу тууралуу, “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” турукуу комиссиянын 2018-жылдын 22-августундагы чечими кабыл алынсын.
2. № 39 кесипчилик техникалык окуу жайына “Тегерек” участкасынан көмөкчү чарба уюштуруп, пайдаланууга берилген 39,5 га жер аянты айыл өкмөттүн жер балансына кайтарып алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” турукуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Өзүбеков |